2022-2023 – окуу жылына 1-класстын балдарын электрондук каттоонун тартиби жөнүндө маалымат.

Home

 
 
 
 
Home ГлавнаяРодителямИнформация2022-2023 – окуу жылына 1-класстын балдарын электрондук каттоонун тартиби жөнүндө маалымат.
2022-2023 – окуу жылына 1-класстын балдарын электрондук каттоонун тартиби жөнүндө маалымат. PDF Печать E-mail

2022-2023 - окуу жылына балдарды биринчи класска электрондук каттоо mektep.edu.gov.kg сайтында төмөнкү графикке ылайык жүргүзүлөт:

1. 11-апрелден саат 09:00 27-июнга чейин саат 08:59га чейин -юридикалык жашаган жери боюнча.

2.  27-июндан саат 09:00дөн баштап 10-августка саат 10:00гө чейин- чыныгы жашаган жери боюнча.

Арыз берген ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн инсандыгын ырастоочу документтери (паспорт, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк), ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн жана баланын жеке идентификациялык номери болбосо, баланы мектепке каттоого мүмкүн эмес!

2022-жылдын 11-апрелине чейин ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр төмөнкүлөрдү даярдашы керек:

- паспорт;

- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

- жеке идентификациялык номер (ЖИН - ата-эненин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын паспортунда көрсөтүлгөн 14 сандан турган идентификациялык номер. Ал жок болгон учурда жашаган жери боюнча калкты тейлөө борборуна (КТБ) кайрылуу керек.

- Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук порталында каттоо дарегинин болушун текшерүү.

Программалык деңгээлдеги система жарандардын төмөнкү жеңилдетилген категорияларына артыкчылык берет:

- үй-бүлөлөрүнүн жашаган жери боюнча аскер кызматчыларынын балдары;

- тиешелүү күбөлүк көрсөткөндө Кыргыз Республикасына көчүп келген жана кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары;

- үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына карата ушул жалпы билим берүү уюмунда бир жылдан кем эмес иштеген мектептердин мугалимдеринин жана кызматчыларынын балдары.

2022-жылдын 11-апрелине чейин аскер кызматкерлери, кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар, мугалимдер жана мектеп кызматкерлери баланы мектепке каттоо учурга карата жогоруда аталган документтерге кошумча иштеген жеринен маалымкат (справка) даярдашы керек.

Ата - эне/ мыйзамдуу өкүл баланы биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алгангандан кийин, учурдагы жылдын 1 - августунан баштап                       10-сентябрынан кечиктирбестен мектепке төмөнкү тастыктоочу документтерди берүүгө милдеттүү:

- мектепке кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;

- баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери - нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана                             ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту;

- ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);

- алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы  (белгиленген формалар);

- баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү.

1 - августан баштап 10-сентябрга чейин мектепке тастыктоочу документтерди алып барбаган учурда бала 1-класска кабыл алынбайт.



 

Добавить комментарий

Защитный код
Обновить

Кыргызский Русский

Гордость гимназии

Новое на сайте

image-6
no-corruption
Сейчас на сайте находятся:
 130 гостей 
  Авторские права © 2012-2024 Школа-гимназия № 33. Все права защищены. Top.Mail.Ru